экрана 2024 09 24 093524
10 / 100

Чет элдик 15 жаштагы кызды сүзүп, өспүрүм ооруканада каза болду

Бишкек ШИИББден билдиришкендей, кырсык бүгүн кечке маал Жал кичи районунда болгон.

 Honda Aria үлгүсүндөгү автоунаа жөө кишилер үчүн өтмөктө 15 жаштагы кызды сүзүп, андан соң качып кеткенин айтышты. Өспүрүм ооруканада каза болгон.

Окуя болгон жерге милициянын Кайгуул кызматы барган учурда шектүү жок болуп чыккан. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, ал кармалып, тергөөгө жеткирилген.

Факт боюнча иш козголду. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, керектүү экспертизалар дайындалганын айтышты.

Loading

От admin