
Казакстанда Салтанат Нукенованын өлүмүнө байланышкан иш боюнча соттолгон Бахытжан Байжановдун өкүмү кайра каралууда. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, анын адвокаттары кассациялык сотко кайрылып, иштин материалдары Астана шаарынан талап кылынган. Соттук инстанция Байжановго тиешелүү чечимдерди кайрадан текшерүүгө киришет. Ал эми Куандыка Бишимбаев тараптан арыз түшкөн эмес. Кийинки сот отуруму 14-майга белгиленди.
Эске салсак, 2024-жылы Бахытжан Байжанов өзгөчө оор кылмышты жашырган деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Кийин ал кассациялык арыз менен кайрылып, бирок аны кайра чакыртып алган. Ошентсе да мыйзамга ылайык, ал кайрадан кайрылуу мүмкүнчүлүгүн сактап калган.
2025-жылы ага мунапыс берилип, жаза мөөнөтү кыскартылган. Ал буга чейин 1 жыл 11 ай абакта отурган. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын эркиндикке чыгышы 2026-жылдын ноябрь айына туура келиши мүмкүн.