
Жогорку Кеңештин 2-апрелдеги жыйынында депутат Кубанычбек Самаков мал арасында шарп ылаңына каршы вакцина берилбей жатканынын себебине кызыкты.
Ал Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын өкүлүнө кайрылып, мал ооруп өз алдынча айыгып жатканын айтып, эмне үчүн ылаңдын түрлөрүн аныктап, вакцина даярдоо иштери кечеңдеп жатканын сурады. Депутат ошондой эле дары-дармекке жыл сайын ири суммадагы каражат бөлүнүп жатканына карабастан, фермерлер ар кандай антибиотиктерди колдонууга мажбур болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, бул сүт аркылуу адамдын ден соолугуна да коркунуч жаратышы мүмкүн.
Ветеринария кызматынын башчысынын орун басары Кумарбек Исаков учурда вакцина боюнча иштер жүрүп жатканын билдирди. Анын айтымында, ылаңдын сейрек типтери аныкталып, вакцинаны даярдоого буйрутма берилген. Ал болжол менен эки ай ичинде даяр болорун кошумчалады.
Бирок депутат бул жоопко канааттанган жок. Ал вакцинанын кечигип жатканын айтып, тиешелүү органдардан бул маселени көзөмөлгө алууну талап кылды.