
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1968-жылы туулган Т.К. аттуу жаран Ленин райондук милиция кызматкерлери тарабынан кармалган.
Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, ал 2025-жылдын сентябрь айында Ы.М. аттуу жарандан баасы 15 миң долларды түзгөн «Тойота Камри» автоунаасын сатып алган. Бирок унаанын акчасын толук төлөбөй койгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“алдамчылык”) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.