
Ош облусунун Ноокат районундагы Он эки бел айылында 10 гектар айыл чарба жерине алма жана кокон гилас көчөттөрүн отургузуу иштери жүрүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан жер аянты бөлүнүп берилген. Жеке ишкер 150 метр тереңдиктен суу чыгарып, сууну топтоо үчүн бассейн (БСР) курууда. Ошондой эле Түркиядан жаңы сорттогу көчөттөр алынып келинген.
Сууну үнөмдүү пайдалануу максатында тамчылатып сугаруу системасы ишке киргизилүүдө. Белгиленгендей, бул аймакты өздөштүрүү жана көчөттөрдү сатып алууга жалпы 34 млн сом инвестиция жумшалууда.
Министрлик тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу системаларын орнотууну каалаган дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыялар каралганын кошумчалады.