
Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары 3-апрелде саат 16:26да Тажикстандын аймагында катталган жер титирөөнү сезишти. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн күчү 6 баллга жетип, очогу Тажикстандын аймагында жайгашкан. Ал Гарм шаарынан 45 чакырым чыгышта, Кыргызстандын Кара-Тейит айылынан 100 чакырым түштүк-батышта жана Баткен шаарынан 115 чакырым түштүктө орун алган.
Кыргызстандын Кара-Тейит, Карамык жана Каравшин айылдарында жер силкинүү 3 баллга жакын сезилген.