
Индонезиянын Тернате аралында күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн кесепетинен Сулавеси аймагында 70 жаштагы аял каза болгон. Мындан тышкары, табигый кырсыктан жаракат алгандар да бар.
Жердин силкинүүсү Тернате, Битунг шаарларында жана башка бир катар аймактарда сезилип, турак үйлөр, мектептер жана маданий имараттар жабыркаган.
Ал эми буга чейин жарыяланган цунами коркунучу кийинчерээк жокко чыгарылган.