
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Эшперов айылынын №7 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Аида Жаңыбаева “КМШдагы мыкты педагог” эл аралык сынагында биринчи даражадагы дипломго ээ болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Агартуу министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, сынактын биринчи туру 7-февралда башталып, Жаңыбаева экинчи турга ийгиликтүү өткөн. Жыйынтыктоочу баскыч 24-мартта Астана шаарында өтүп, ал I даражадагы диплом, төш белги жана “КМШдагы мыкты педагог” статуэткасы менен сыйланды.
Эл аралык сынакка Борбордук Азия өлкөлөрүнүн педагогдору катышкан.