
Кыргызстандын борборунда 2025-жылдын 19-21-апрелинде өткөн TEXPO IV эл аралык мода жана текстиль көргөзмөсү чоң ийгилик менен аяктады. Кийим тигүү жана жеңил өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин колдоосу жана жогорку даражалуу мамлекеттик ишмерлердин катышуусу менен жогору бааланды. КР Мода жана Текстиль Ассоциациясы «Азия Экспо» компаниясы менен биргеликте уюштурган көргөзмө КМШ жана Азия […]

2025-жылдын 1-февралына карата Кыргызстанда майыптыгы бар адам караган 14 700 жеке ассистентке айлык акы катары 131 млн 300 миң сом төлөнүп берилди. Бул тууралуу 19-февралда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги маалымдады. Мунун ичинен 16 млн 700 миң сом алардын камсыздоо полисин жабууга сарпталган. Бүгүнкү күндө жеке ассистенттин кызматынан 15 миңге чукул адам пайдаланууда. Алардын […]

Мамлекеттик салык кызматы кыймылсыз мүлк боюнча келишим түзүүдө салык карызынын жоктугу тууралуу милдеттүү маалым катты жокко чыгарды. Мындай чечимди Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кабыл алды. Салык кызматы билдиргендей, бул чечим бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүүгө жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга багытталган. «Салык кызматы менен кыймылсыз мүлктү каттоо органынын («Кадастр») маалымат тутумдарын интеграциялоонун натыйжасында 2025-жылдын 24-февралынан тартып жара