
Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүнү сунуштаган 75 адамдын каты Жогорку Кеңешке убагында түшкөнүн билдирди.
Анын айтымында, спикер болуп шайланган алгачкы күндөн тарта бул кат боюнча текшерүү жүргүзүлүп, документ Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетине келип түшкөнү аныкталган. Мындан улам жагдайды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.
Маматалиев комиссия каттын парламентке кандай жол менен келип, комитетке кантип жеткенин аныктаганын айтты. Учурда анын жыйынтыгы ИИМге өткөрүлүп берилген жана тиешелүү органдар тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.
Ал ошондой эле кат Жогорку Кеңеште расмий түрдө кабыл алынып, мурдагы төрагага жардамчылары аркылуу жеткирилгенин жана андан кийин тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлгөнүн кошумчалады.
Эске салсак, 9-февралда бир катар мурдагы саясатчылар жана коомдук ишмерлер президентке жана парламент төрагасына кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүнү сунушташкан. Бул боюнча Конституциялык сот 2027-жылдын 24-январында шайлоо өтөрүн белгилеп, маселеге чекит койгон.