
Бишкек шаарында иттердин кол салуусунан жабыркаган балага милиция кызматкери барып жардам көрсөттү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кайгуул кызматынын туристтик ротасынын командири, милициянын капитаны Тимурлан Кулназаров 6 жаштагы балага колдоо көрсөтүп, аны ооруканага жеткирүүгө көмөктөшкөн.
Окуя 1-апрелде Калыс-Ордо-2 жаңы конушунда катталган. Бул тууралуу укук коргоо органдарына квартал башчысы кабарлаган.
Учурда баланын абалы туруктуу экени белгиленип, ал реанимация бөлүмүнөн жалпы палатага которулган. Ата-энеси милиция кызматкерине ыкчам жардамы үчүн ыраазычылык билдиришти.