
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлери кезектеги ишембиликке чыгышты. Иш-чара министрдин орун басары Рустамжан Балтабаевдин жетекчилиги астында өттү.
Министрликтин жамааты Бишкек шаарынын мэриясы бөлүп берген тилкени таштандыдан тазалап, айлана-чөйрөнүн санитардык абалын жакшыртууга салым кошту.
Тазалоо иштери Чоң Чүй каналы менен Юбилейная көчөсүнүн кесилишинен башталып, айланма жолго чейин жүргүзүлдү.
Маалыматка ылайык, мындай ишембиликтер май айына чейин ар жума сайын ишемби күндөрү өткөрүлүп турат.