
Салык кызматы жарандардын банк эсептеринен жана электрондук капчыктарынан салык карыздарын түздөн-түз өндүрүп ала турган мыйзам жыл башында күчүнө киргенин эскертүүдө.
Маалымдалгандай, жарандын төлөө мөөнөтү өтүп кеткен салыктык карыздардан анын банк эсебинен өндүрүлүп алынат. Ага төмөнкүлөр кирет:
Салык төлөөчү өзүнүн салык отчётунда көрсөткөн суммалар;
Салык органы тарабынан эсептелип чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө даттанылбаган суммалар;
Күчүнө кирген сот чечими менен тастыкталган суммалар;
Салык төлөөчү тарабынан арыз аркылуу түздөн-түз таанылган суммалар.
Салык кызматы жарандарды карыздарын өз убагында текшерип турууга чакырды.