2026-жылдын 6-январында Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда карылар үйүнөн өрт чыккан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, кырсык Абай көчөсүндөгү №93 даректе жайгашкан мекемеде болгон. Өрт тууралуу билдирүү түшкөндөн кийин, өрттү өчүрүүгө саат 19:00дө Октябрь райондук №5 ӨКБдан 2 бөлүм, №7 ӨКБдан 1 бөлүм жана Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, жалпы 4 бөлүм жана штаб иш алып барган. Каргашалуу окуянын кесепетинен эки адамдын каза болгону маалымдалды. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып, тиешелүү кызматтар тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.