
Германияда 17 жаштан 45 жашка чейинки эркектер үч айдан ашык мөөнөткө чет өлкөгө чыгууну пландаса, атайын уруксат алууга милдеттендирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Жаңы тартипке ылайык, саякаттын максатына карабастан, жарандар Бундесвердин карьера борборуна кайрылып, алдын ала макулдук алышы керек. Бул өзгөрүү аскердик кызматты модернизациялоого багытталган мыйзамдын алкагында 2026-жылдын башынан тарта күчүнө кирди.
Буга чейин мындай талап өзгөчө кырдаалдарда гана колдонулчу. Тактап айтканда, тышкы коркунуч жаралган учурда же өлкөгө куралдуу кол салуу болгон шартта гана чектөөлөр киргизилген.
Эми жаңы эрежелер тынч мезгилде да колдонулуп, жарандардын чет өлкөгө узак мөөнөткө чыгышына кошумча көзөмөл киргизилди.