
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Москвадагы иш сапарынын алкагында Россиянын айыл чарба министри Оксана Лут жана Россельхознадзордун жетекчиси Сергей Данкверт менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы агрардык кызматташуунун азыркы абалын карап чыгып, анын мындан аркы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өз ара байланыштар туруктуу өнүгүп жаткандыгы белгиленди.
Кыргыз тарап Россия рыногуна айыл чарба продукцияларын, анын ичинде эт, сүт, балык жана кайра иштетилген азыктарды экспорттоону көбөйтүүгө кызыкдар экенин билдирди. Бул багытта биргелешкен аракеттерди күчөтүү зарылдыгы айтылды.
Мындан тышкары, 2025-жылы кабыл алынган агроөнөр жай тармагындагы кооперацияны өнүктүрүү планынын алкагындагы иштерге көңүл бурулду. Асыл тукум мал жеткирүүнү көбөйтүү маселеси да күн тартибинде болду.
Өзүнчө багыт катары ветеринария жана илимий кызматташтык маселелери каралып, вакциналарды жеткирүү, адистерди даярдоо жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну бекемдөө ниети билдирилди.
Жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып, кызматташууну мындан ары да тереңдетүүгө даяр экенин белгилешти.