Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уран калдыктарын рекультивациялоо багытындагы иштерди улантып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, министрликтин карамагында жалпы 60 радиоактивдүү жана токсикалык объект бар. Алардын ичинен 33ү калдык сактоочу жай, 27си кен калдыктары болуп саналат. Бул объекттердеги калдыктардын жалпы көлөмү 11 миллион куб метрди түзөт.
Билдирүүдө аймактардагы экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында калдыктарды зыянсыздандыруу жана рекультивациялоо боюнча ири долбоорлор ишке ашырылып жатканы белгиленди.
Бул иштер өлкө аймагындагы экологиялык тобокелдиктерди азайтууга жана калктын коопсуздугун камсыздоого багытталган.