
Ысык-Көл районунда машыгуу учурунда учактан эки снаряд түшүп кеткен учур катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Канттагы авиабазага таандык СУ-25 учагынын машыгуусу учурунда болгон. Ок-дарылар ээн аймакка түшүп, жабыркагандар катталган эмес.
31-март күнү кечинде Сары-Камыш айылынын аймагына снаряддар түшкөнү тартылган видеолор социалдык тармактарга тараган. Кадрларда жардыруудан кийин жердин оюлуп калганын көрүүгө болот. Окуя Балыкчы шаарына жакын жерде болгондуктан, жергиликтүү тургундардын тынчсыздануусун жараткан.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, машыгуулар маалында жардыруулардын үнү буга чейин да сезилип келген. Бул жолку учур болсо айрыкча кооптонуу жараткан.
Коргоо министрлиги билдиргендей, окуянын себептерин тактоо үчүн атайын комиссия түзүлүп, териштирүү иштери жүрүүдө. Ага чейин бардык окуу-машыгуулар убактылуу токтотулду.