
Ак-Талаа районунда агрардык тармак өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүлдү. Иш-чараны райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы уюштуруп, ага асыл тукум чарбалардын, үрөн чарбалардын жана айыл чарба кооперативдеринин жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №309 токтомунун негизинде Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунан жер аянтын алган кооперативдердин милдеттери талкууланды.
Белгиленгендей, токтомго ылайык бөлүнгөн жерлер натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышы керек. Ушуга байланыштуу кооперативдерге жер аянтынын 30 пайызына буудай жана арпа себүү сунушталды. Бул чара өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Ошондой эле түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн жогорку сапаттагы, сорттуу үрөндөрдү колдонуу зарылдыгы баса белгиленди.