
Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар жана күбөлүктөр 30-июнда тапшырылат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 30-июнда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында 9-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт. Документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болот. 2024-2025-окуу жылында 9-кла

Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Д.Т. Чонтоев баштаган делегация М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетине (ОшТУ) иш сапары менен барды. Сапар алгач окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуудан башталып, меймандар заманбап аудиториялар жана университеттин жетишкендиктери менен таанышышты. ОшТУнун ректору Ж.Ж. Турсунбаев өз сөзүндө КУУнун 100 жылдык мааракеси менен куттуктап, окуу жайдын сыймыктуу профессорлору менен […]

Ош мамлекеттик педагогикалык университети (ОшМПУ) Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректору, профессор Д.Т. Чонтоев баштаган делегацияны жылуу тосуп алды. Сапардын башталышында тартууланган жагымдуу концерттик программа меймандардын маанайын көтөрдү. ОшМПУнун ректору, профессор Б.Б. Зулуевдин коштоосунда КУУнун ректору университеттин заманбап аудиториялары, жаңы окутуу усулдары жана кызыктуу долбоорлору менен таанышты. Ректор Б.Б. Зулуев өз сөзүндө КУУнун көптөгөн бүтүрүүчүлөрү ОшМПУнун кадыр