
Индияда сүрөткө түшүү максатында кызыл түскө боёлгон 65 жаштагы пил өлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлашты.
Маалыматка караганда, жаныбар орусиялык блогер Юлия Бурулева уюштурган фотосессияга катышкан. Жаныбарларды коргоо боюнча адистер пилдин өлүмүнө стресс жана колдонулган боёктун таасири себеп болушу мүмкүн экенин билдиришкен.
Ал эми блогер пилге жергиликтүү органикалык боёктор колдонулганын жана ал коопсуз болгонун белгилеген.
Окуя социалдык тармактарда талкуу жаратты. Колдонуучулар блогерди жаныбарларга аяр мамиле кылууга чакырып, мындай сүрөттөрдү жасалма интеллект аркылуу жасоону сунушташкан.