
Индиянын Тамилнад штатында жайгашкан фейерверк чыгаруучу фабрикада күчтүү жарылуу болуп, 23 адам каза болду.
Окуя Вирудхунагар районундагы Vanaja Fireworks ишканасында катталган. Жарылуунун күчү абдан катуу болуп, үч имарат толугу менен кыйраган.
Куткаруу иштеринин жүрүшүндө экинчи жарылуу да болуп, анын кесепетинен бир өрт өчүрүүчү оор жаракат алган. Учурда дагы 6 жабырлануучу райондук ооруканада дарыланып жатат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, фабрика лицензия менен иштеп келген. Бирок кырсыктан кийин ишкананын ээси качып кеткен. Учурда полиция кылмыш ишин козгоп, аны издөөгө алды.