
Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегерандын эскертүүлөрүнө жооп берип, бул тууралуу i24NEWS телеканалына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, айтылып жаткан коркутуулар Украинанын позициясына эч кандай таасир этпейт. Зеленский мындай билдирүүлөр жаңы эмес экенин белгилеп, акыркы жылдар ичинде ар кандай кысымдарга жана эскертүүлөргө туш болуп келгенин айтты.
«Бул биз үчүн жаңылык эмес. Акыркы төрт жылда гана эмес, жалпысынан 12 жылдан бери ушундай коркутуулар менен жашап келебиз. Ошондуктан мындай сөздөр бизди коркутпайт», — деди ал.
Буга чейин Ирандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Ибрагим Азизи Украина Израилди дрондор аркылуу колдоп жатат деп айыптаган. Ал ошондой эле Киев мындан улам Иран тарабынан сокку урулушу мүмкүн болгон мыйзамдуу бутага айланышы ыктымал экенин билдирген.