
Кыргызстандын аялдар волейбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Евгений Николаев дайындалды.
Кыргызстандын волейбол федерациясы билдиргендей, 61 жаштагы адис команданы Непал жана Филиппиндер өлкөлөрүндө өтө турган эл аралык мелдештерге даярдайт.
Курама команданын машыктыруучулар курамына Россиядан келген аналитик Дмитрий Марюхнич да кошулду. Ал эми жергиликтүү адистерден Абдухамид Айсаходжиев, Нургазы Көкчолоков, Батырали Орозов, Азамат Жоломанов жана Ислам Татыкулов жардамчы машыктыруучу болуп иш алып барышат.
Май айынын соңунда Кыргызстан курама командасы Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын (CAVA) рейтингдик чемпионатына катышуу үчүн Непалга барат. Андан кийин команда тарыхында алгач ирет Филиппиндерде өтө турган Азия Кубогунда күч сынашат.
Евгений Николаев буга чейин Украинанын «Химик» клубу менен чоң ийгиликтерге жетишип, тогуз жолу өлкө чемпиону болгон. Ошондой эле анын командасы бир нече жолу Кубок жана Суперкубокту утуп, Европа мелдештерине катышкан. 2015-жылы Түштүк Кореянын командасы менен бирге Дүйнөлүк Универсиаданын финалына чыккан.