
19-апрелде дзюдо боюнча Азия чемпионатынын алкагында командалык мелдештер өтүп, ага 10 улуттук курама катышты. Турнир «стенка на стенку» форматында уюштурулуп, ар бир команда 6 балбандан түзүлдү — 3 эркек жана 3 аял.
1/4 финалда Кыргызстан Тажикстан курама командасын 4:2 эсебинде жеңди. Жарым финалда Монголия курамасына 0:4 эсебинде утулуп калды. Көңүл жубатуучу айлампада Индия командасын 4:2 эсебинде утуп, коло медаль үчүн беттешүүгө чыкты.
Чечүүчү беттеште кыргызстандыктар Бириккен Араб Эмираттары курамасы менен күч сынашты. Алты беттештин жыйынтыгында эсеп 3:3 болуп теңелди. Кыргыз балбандары Алина Молдокулова, Эржан Канатбеков жана Эмирхан Жолдошказиев өз беттештеринде жеңишке жетишти.
Эреже боюнча тең эсепте чечүүчү беттеш үчүн чүчүкулак өткөрүлүп, кайрадан Алина Молдокулова килемге чыгып, жеңишти камсыздады. Натыйжада Кыргызстан курамасы 4:3 эсебинде утуп, Азия чемпионатынын коло медалын жеңип алды.
Бул жыйынтык тарыхый мааниге ээ — кыргызстандык дзюдочулар командалык мелдеште алгачкы жолу байге утушту.
Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 16–18-апрелде өтүп, ага 19 өлкөдөн 197 спортчу катышкан. Кыргызстандын намысын 14 балбан коргогон.