Пакистан Кабулга кайрадан ракеталык сокку уруп, 250дөн ашуун киши набыт болду | Сокол.Медиа
Пакистан Кабулга кайрадан ракеталык сокку уруп, 250дөн ашуун киши набыт болду
Пакистан Ооганстандын Кабул шаарына ракеталык сокку урду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Tolo News басылмасына таянып билдиришти.
Кабул шаары
Ооганстан бийлигинин өкүлү Забиулла Моджахед сокку реабилитациялык борборго тийгенин айтып, бул окуя жоопсуз калбай турганындыгын белгиледи. Пакистандын аскердик-аба күчтөрү баңгизатка көз карандыларды дарылоочу борборго сокку урган. Анын кесепетинен 250дөн ашуун адам каза болуп, 400дөн ашуун киши жаракат алган. Пакистан бийлиги болсо ооруканага сокку урулганын четке кагып, чабуулдар жарандык объекттерге эмес, аскердик түзүмдөргө гана багытталганын билдирди.
Белгилей кетсек, эки өлкөнүн ортосунда болуп жаткан жаңжал биринчи жолу эмес. Буга чейин 27-февралда Ооганстан Пакистанга каршы аскердик операция баштаганын жарыялаган. Ал эми 3-мартта Пакистан Ооганстандагы Баграм авибазасына сокку урган.