
УКМК ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин тергөөчүсү кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, ал кылмыш ишин токтотуп, жаранды жоопкерчиликтен чыгаруу үчүн 25 миң АКШ долларын опузалап талап кылган деп шектелүүдө.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен шектүү бир айга камакка алынды.
Учурда тергөө иштери уланууда.