
Нарын облусунун Кочкор районунда “Адал азык” аталышындагы социалдык дүкөн ишке кирди.
Дүкөн “Тойбосс” ЖЧКсы тарабынан райондук бийлик органдарынын колдоосу менен ачылып, калкты жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыздоону максат кылат.
Бул жерде ата мекендик өндүрүштөгү азыктар, анын ичинде уй, жылкы жана тоок эттери арзан баада сунушталууда.
Демилге азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө жана жергиликтүү тургундарга колдоо көрсөтүүгө багытталган.