
2026-жылдын 20-апрелинде Бишкек шаарында Кыргызстандын төрагалыгы алдында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмеси өз ишин баштады.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Хан Сухэль, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору Ханс Клюге жана уюмдун өкүлдөрү, ошондой эле мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлери катышууда.
Жыйында саламаттык сактоо тармагындагы кызматташууну чыңдоо, тажрыйба алмашуу жана аймактык деңгээлде саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү маселелери каралууда.
Өз сөзүндө Жылдыз Таалайбек кызы Кыргызстан бул тармакты реформалоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.