
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы 20–26-апрелде Фош-ду-Игуасу шаарында өтө турган Дүйнө кубогуна катышат. Турнир Бразилия өлкөсүндө уюштурулуп, ага дүйнөнүн 50дөн ашуун мамлекетинен 400гө жакын мыкты мушкерлер катышары күтүлүүдө.
Эл аралык мелдешке Кыргызстандын атынан беш спортчу чыгат
Анвар Ходжиев 50 кг чейин
Зафарбек Камилов 55 кг чейин
Мунарбек Сейитбек уулу 60 кг чейин
Омар Ливаза 65 кг чейин
Ихтияр Нишонов 70 кг чейин
Курама команданын даярдыгын башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу жана улук машыктыруучу Улан Сагынбаев жетектеп жатат
Бул мелдеш кыргызстандык спортчулар үчүн эл аралык аренада тажрыйба топтоп, күчтүү атаандаштар менен беттешүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болуп саналат