
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтеринин ачылыш аземине катышты.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү ырааттуу жүрүп жатканын белгилеп, чакан ГЭСтер электр энергиясын көбөйтүүнүн натыйжалуу жана ыкчам жолу экенин айтты.
Анын айтымында, өлкөдө учурда 48 чакан ГЭС иштеп, жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Бул объекттер энергетикалык көз карандысыздыкты бекемдөөгө жана импортко болгон муктаждыкты азайтууга чоң салым кошууда.
Президент ошондой эле бул багыт аймактарды өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана “жашыл экономикага” өтүүгө маанилүү өбөлгө түзөрүн кошумчалады.