
АКШ президенти Дональд Трамп 19-апрелге караган түнү Truth Social платформасында бир сааттын ичинде 32 билдирүү жарыялаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлады.
Маалыматка ылайык, билдирүүлөр АКШ убактысы менен 04:07ден 04:59га чейин үзгүлтүксүз жарыяланган, ал Бишкек убактысы боюнча 14:07ден 14:59га туура келет.
Алгачкы билдирүүсүндө Трамп Жакынкы Чыгыштагы чыңалууга токтолуп, Израиль АКШнын ишенимдүү союздашы экенин белгилеген.