
Кыргызстанда бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согуштун 24 ардагери жашап жатат. Бул тууралуу Эмгек министрлиги 20-апрелде билдирди.
Алардын ичинен 8и түздөн-түз согуштун катышуучулары болуп саналат. Алар Бишкек, Чүйдүн Жайыл району, Нарындын Ат-Башы району жана Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда жашашат.
Ошондой эле өлкөдө концлагерлердин мурдагы 6 туткуну жана Ленинград блокадасын башынан өткөргөн 10 адам бар. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жашайт.