
Lexus GX470 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна жасалма мамлекеттик номур колдонгону үчүн 55 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Кайгуул кызматы кабарлады.
Маалымдагандай, унаага тагылган номурда Нурайым деген жазуу болгон. Айдоочу ал сүйлөшкөн кызынын аты экенин айткан. Жыйынтыгында унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн.
Мындан тышкары, унаанын алдыңкы каптал айнектеринде ыйгарым укуктуу органдын уруксаты жок мыйзамсыз караңгылатуу бар экени аныкталган.



