
Бишкек шаарында айт намазы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта окулмай болду. 
Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, аймактарда тургундар майрамдык намазды мечиттерде окушат.
Бул чечим тиешелүү мамлекеттик органдардын корутундусунун негизинде кабыл алынган. Ошондой эле ар бир массалык иш-чара алдында атайын комиссия коопсуздук маселелерин карап чыгып, мүмкүн болгон коркунучтарды талдап, тиешелүү кызматтардын даярдыгын баалай турганы белгиленди.



