
Ички иштер органдары Айт жана Нооруз майрамдарына байланыштуу күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөнүн ИИМ маалымдады.
Маалыматка ылайык, министрликте өткөн жыйында даярдык маселелери талкууланып, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралган. Майрам күндөрү коомдук жайларда, мечиттердин айланасында жана иш-чаралар өтө турган жерлерде 12 миңден ашуун милиция кызматкери тартипти көзөмөлдөйт.
Министр Улан Ниязбеков мыйзам бузуу, жалган маалымат таратуу жана чагымчылык аракеттерге жол берилбей турганын белгилеп, мындай учурларда дароо катуу чаралар көрүлөрүн билдирди.



