
Улуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү күнүнө карата “Жеңиш музейинин” “Элдердин трагедиясы” аттуу көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чараны музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, көргөзмө согуштун драматизмин жана адамзат тарыхындагы оор сыноолорду терең чагылдырган долбоор экенин белгиледи.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов катышып, расмий өкүлдөр “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” деген ураандын маанисин баса белгилешти. Алар согуштун трагедиясы адамзат үчүн чоң сабак болуп калышы керектигин айтышты.
Көргөзмөнүн алкагында согуштун жана Жеңиштин хронологиясын чагылдырган экспозициялар сунушталып, иш-чара “Группа крови” көркөм тасмасын көрсөтүү менен уланды.
Салтанаттуу ачылышка ошондой эле Россиянын, Азербайжандын, Беларусиянын, Тажикстандын жана Пакистандын элчилери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, маданий уюмдар, студенттер жана коомчулук катышты.