
Токтогул районунда жаңыдан түзүлгөн “Кадикс Шер” кооперативи АКШнын Калифорния штатынан кулпунайдын “Альбион” сортунан 15 миң даана көчөт алып келип тигип жатат.
Кооперативге райондун 11 тургуну мүчө болуп, жетекчиликти Шермамбетов Канатбек жүргүзөт.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан аталган кооперативге Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунан 4,5 гектар жер бөлүнүп берилди. Кооператив 3 000 куб суу бата турган бассейн куруп, тамчылатып сугаруу системасын киргизди.
Кулпунай түшүмгө киргенден кийин жергиликтүү тургундар үчүн сезондук жумуш орундары түзүлөт.