
Ички иштер министрлиги жүргүзгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.
Маалыматка ылайык, А.Ч.А. министр болуп турган мезгилде айрым кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, бюджеттик каражаттарды пайдаланууда мыйзам бузууларга жол берген. Анын ичинде каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо, чыгымдардын көлөмүн жасалма түрдө жогорулатуу, материалдык баалуулуктарды жана акчаларды тиешелүү же жасалма документтер аркылуу эсептен чыгаруу фактылары катталган.
Ошондой эле каражаттарды аффилирленген түзүмдөр аркылуу өзүнө ыйгарып алуу учурлары да аныкталганы белгиленди.