
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургундары менен түз диалог өткөрдү.
Жолугушууда жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо, саламаттык сактоо, суу менен камсыздоо, ирригация, ошондой эле билим берүү жана маданият тармагындагы маселелер көтөрүлдү. Мындан тышкары, жер маселелери, ишкердикти жана туризмди өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
Жыйынтыгында Президент мамлекеттик органдарга жол инфраструктурасын өнүктүрүү, ирригация иштерин күчөтүү, медициналык объекттерди жаңылоо жана районду техника менен камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди.
Ошондой эле жарандардын укуктарын коргоо жана көтөрүлгөн бардык маселелерди жеке көзөмөлүндө кармай турганын белгиледи.