
Президент Садыр Жапаров Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун социалдык-экономикалык абалы жана өнүгүү динамикасы менен таанышты.
Райондун акими Каныбек Апбасов инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун жыйынтыктары жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат берди. 2025-жылы бир катар социалдык объектилер пайдаланууга берилгени, ошондой эле муниципалдык ишканалар түзүлгөнү айтылды.
2026-жылга карата 5 мектеп жана 4 бала бакчаны куруу, жаңы чакан жана орто ишканаларды ачуу пландалууда.
Ошондой эле мал базарларын куруу, “Береке” базарын ишке берүү, “Eco Uzgen Kuruch” ишканасы аркылуу Өзгөн күрүчүн таңгактоо жана экспорттоо долбоору белгиленди.
Мындан тышкары, шаардагы Н. Азнабакиев атындагы паркты реконструкциялоо пландалып, бул шаар инфраструктурасын жакшыртууга багытталганы айтылды.