
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бир катар объектилерде жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.
Көчмө жыйындын алкагында ал Кожомкул атындагы Спорт сарайынын аймагындагы демонтаж иштерин көрүп чыгып, бул жерде жаңы бассейн куруларын белгиледи. Ошондой эле имараттагы көйгөйлөр боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.
Мэр реконструкция Спорт сарайы жана «Жаштык» аренасынын архитектурасына шайкеш болушу керектигин айтып, спорттун мурда өнүккөн түрлөрүн сактоо зарылдыгын белгиледи.
Учурда эски бассейн бузулуп, анын ордуна жаңы объект куруу пландалууда. Долбоор спорт инфраструктурасын жаңылоого жана суу спорту үчүн шарттарды жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, шаар башчысы «Манас» аэропортуна альтернативдүү жолдун курулушун да текшерди. Узундугу 1,5 чакырым болгон жолдо төрт тилке, тротуарлар жана унаа токтотуучу жайлар каралган.
Подрядчыларга иштерди тездетүү жана коопсуздукту камсыз кылуу тапшырылды.