
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы социалдык объектилердин курулуш иштерин көрүп чыкты.
Ал 350 орунга ылайыкташкан Жалпы дарыгерлик практика борборунун курулушу менен таанышып, объект быйыл жыл аягына чейин бүткөрүлөрү тууралуу маалымат алды. Президент курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.
Мындан тышкары, Баш-Дөбө айыл аймагында Мамлекеттик ипотекалык компания куруп жаткан турак жай комплекстерин да көрдү. Жалпы 970 батирден турган долбоор 16 блоктон турат.
Президент турак жай курулушунда сапатты камсыздоо жана объекттерди өз убагында пайдаланууга берүү зарылдыгын белгиледи.