
Президент Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары менен түз диалог өткөрдү.
Жолугушууда газдаштыруу, таза суу менен камсыз кылуу, саламаттык сактоо кызматтарын жакшыртуу маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле турак жай, билим берүү, спорт жана социалдык инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.
