
Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районундагы Абибилла Молдоболотов атындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун инфекциялык бөлүмүнүн курулушун көрүп чыкты.
Дароот-Коргон айылында жайгашкан эки кабаттуу имарат өткөн жылдын ноябрында башталган. Ошондой эле поликлиника, лаборатория жана дарыгерлер үчүн кызматтык турак жай куруу пландары каралууда.
Курулуш иштерин быйыл жыл ичинде аяктоо пландалууда.



