
2026-жылдын 12-апрелинде Бишкек шаарынын Курманалиев көчөсүндөгү Чоң Чүй каналына эркек киши түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу чыгып, издөө иштерин баштаган.
14-апрелде башкармалыктын башчысы, полковник Акжол Үсөн уулунун тапшырмасы менен кошумча 11 куткаруучу тартылып, 8 чакырым аралыкта издөө иштери активдүү жүргүзүлүүдө.



