
2026-жылдын 14-апрелинде “Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасынын жамаатына жаңы жетекчи тааныштырылды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, ишкананын директору болуп Акылбек Туратбек уулу дайындалды.
Жаңы дайындоо ишкананын башкаруу натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле дары-дармек жана медициналык каражаттарды борборлоштурулган сатып алуулар системасын жакшыртууга багытталган.
Жолугушууда жаңы директор ишкананын негизги артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Алардын ичинде процесстердин ачыктыгын күчөтүү, финансылык тартипти бекемдөө жана сатып алууларды пландаштыруу менен көзөмөл механизмдерин өркүндөтүү бар.
Ошондой эле жамаат менен ачык диалог жүргүзүү жана ишкананы өнүктүрүүдө биргелешип иш алып баруу маанилүүлүгү белгиленди.
Акылбек Туратбек уулу юридикалык билимге ээ, мамлекеттик кызматта көп жылдык тажрыйбасы бар. Ал буга чейин Президенттин Администрациясында ар кандай жетекчилик жана эксперттик кызматтарды аркалаган.