
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышты.
Райондун акими Замирбек Сыдыков мамлекет башчысына аймактагы учурдагы абал жана келечектүү долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анда калктын коопсуздугун жогорулатуу, айыл чарбасын өнүктүрүү жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлор сунушталды.
Атап айтканда, Сай айылында узундугу 2,7 чакырым болгон коргоочу дамба курулуп, 26,3 гектар жер өздөштүрүлүп, 2 417 тургун сел коркунучунан корголду.
Мындан тышкары, келечекте сел коркунучу бар 8 тилкени коргоо, ошондой эле 1 500 гектарга жакын айыл чарба жана өндүрүш багытындагы жерлерди өздөштүрүү пландалууда.
Ошондой эле инвестициялык долбоорлор да каралды. Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн карамагындагы жер тилкесинде аянты 20 миң чарчы метр болгон заманбап үч кабаттуу соода борборун куруу мерчемделүүдө. Долбоордун алкагында 200 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай да каралган.
Бул долбоорлор райондун экономикалык өсүшүнө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөрү белгиленди.



