
Ош шаарындагы Н. Шамурзаев атындагы облустук куурчак театрына жаңы жетекчи дайындалды. Бул кызматка Дамирбек Ыразаков келди. Тиешелүү чечимди Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабыл алды.
Ал 2026-жылдын 13-апрелинен тарта кызматтык милдетин аткара баштады. Дайындоо 3 айлык сыноо мөөнөтү менен жүргүзүлгөн.
Дамирбек Ыразаков билим берүү жана маданият тармагында тажрыйбалуу адис. Ал философия илимдеринин кандидаты болуп саналат. Буга чейин Ош мамлекеттик университетинде эмгектенип, ошондой эле бир катар маданий мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.
Алсак, Р. Абдыкадыров атындагы маданий-эстетикалык борборду жетектеп, кийинчерээк ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунда директордун орун басары болуп иштеген.