
8–13-апрель күндөрү Манас шаарында (Жалал-Абад облусу) стол тенниси боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 128 спортчу катышты.
Командалык эсепте:
Кыз-келиндер арасында: 1-орун – Бишкек, 2-орун – Ош, 3-орун – Чүй облусу жана Ысык-Көл облусу.
Эркектер арасында: 1-орун – Бишкек, 2-орун – Жалал-Абад облусу, 3-орун – Ош жана Нарын облусу.
Жеке эсепте:
Кыз-келиндер: 1-орун – Саида Кудусова, 2-орун – Рамида Абдимиталипова, 3-орун – Аяна Уланбекова жана Раяна Мураталиева.
Эркектер: 1-орун – Азамат Эргешов, 2-орун – Тилек Молдалиев, 3-орун – Талгат Сагындыков жана Марлен Алимкулов.
Чемпионат Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан уюштурулду.



